Көк бөрүдөгү чыр: 5 адамга кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Көк бөрүдөгү чыр: 5 адамга кылмыш иши козголуп, камакка алынды

31-августта Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрүдөн кийин болгон жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көк бөрүдөн кийин болгон жаңжалга байланыштуу бейбаштык жасаган делип 39 адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, алар Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган: Ноокат районунун 23 жаштагы М. уулу А.,  Араван районунун 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б., Өзгөн районунун 51 жаштагы Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б. аттуу тургундары.

Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөн.

Милиция учурда тергөө-ыкчам тактоо иштери уланып жатканын, аталган окуя боюнча башталган тергөө иштерин ар тараптуу жана кылдат текшерип, юридикалык баа берип чекит коюу үчүн толук кандуу маалыматтар талап кылынып жатканын белгиледи. Мындан улам милиция бейбаштык жасаган адамдар тууралуу так маалыматы бар, сүрөт же видеого тартып калган күбөлөрдү тергөө кызматына кайрылып, маалымат берүүсүн суранат. Байланыш телефондору: 03222 6-65-22, 0701 106 060.

Эскерте кетсек, 31-августта Эгемендиктин 32 жылдыгына карата Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында улуттук оюндар боюнча, анын ичинде көк бөрү боюнча финалдык беттештер өткөн. Көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойногон. Бул беттеште «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок оюндун 2-бөлүгүнүн 14-мүнөтүндө талаш жараткан учур болгон. «Достуктун» оюнчусу Манас Ниязов улакты алып, атаандаштарынын тай казанына бара жатканда, алдынан «Ынтымактын» оюнчусу тороп чыгып, Ниязов салым жасай албай калган. Экинчи бөлүк аяктагандан кийин «Достуктун» капитаны «Ынтымактын» улакчысы оюн талаасына алмашууга кирип жатканда эреже бузганын айтып арызданган. Аталган маселе боюнча эки команданын капитандары, калыстар бир пикирге келе албай, үчүнчү бөлүктүн башталышы кечеңдеген. Соңунда үчүнчү бөлүк да башталып, эч ким жаза мамысына чыккан эмес. Экинчи бөлүктүн жыйынтыгы менен эсеп 1:1 болгон.

Үчүнчү бөлүктө «Ынтымактын» оюнчулары дагы бир улак салып, эсепти 2:1 кылган. Эсеп оюндун аягына чейин өзгөрүүсүз калып, натыйжада «Ынтымак» жеңишке жеткен.

Оюн аяктагандан кийин күйөрмандардын арасынан нааразы болгондор оюндагы калыска желим бөтөлкө ыргытып, кол салган.

Андан кийин калысты милиция кызматкерлери коргоп, ат майдандан алып кетип жатканда айрым күйөрмандар калысты, аны корголоп бараткан милиция кызматкерлерин желим бөтөлкө, таш менен ургулаган. Калысты «Тез жардам» алып кетти деп ойлогон күйөрмандардын айрымдары медицина кызматкерлеринин унаасын таш менен уруп, айнектерин сындырып салган.

Бул ызы-чуудан кийин «Достук» менен «Ынтымактын» оюнчулары элге жана күйөрмандарына кайрылып, ынтымакка чакырып, чагымчыл адамдардын сөздөрүн ээрчибөөнү суранган.

Көк бөрүдөгү чыр: 25 адам милицияда сурак берүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>