Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдык эсеп боюнча алдыда келе жататКөчмөндөр оюндары учурундагы сел коркунучу — ӨКМ коопсуздук чараларын күчөттүЫсык-Көлдө 28 өлкөнүн катышуусунда «Көчмөн цивилизациялары» конференциясы өттүКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жокко чыгарууну көздөп жататФеликс Уланбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында самбо боюнча алтын медаль утту«Ошол эле жерден куткарууга туура келет»: ветеринар көк бөрүдөгү аттардын жаракаттары тууралуу
Таласта кант кызылчасын кабыл алуу пункту ачылды
22.09.2023 | 13:57
Таластын Маймак айылында кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү Кайыңды кант заводу менен Талас облусунун дыйкандарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган. Аталган түйүн күнүнө 600 тонна кант кызылчасын кабыл алат.
“Дыйкандар кант кызылчасын өткөрүп, ордуна кумшекер же накталай акча ала алат. Белгилей кетсек, Талас облусу быйыл 1000 гектардан ашык аянтка кант кызылчасын эккен”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом