Айсултан Назарбаев Казакстандын тунгуч президентинин небереси эмес уулу экенин айтып чыкты

Айсултан Назарбаев Казакстандын тунгуч президентинин небереси эмес уулу экенин айтып чыкты

Казакстандын тунгуч президентинин небереси Айсултан Нурсултан Назарбаевдин небереси эмес уулу экенин айтып чыкты.

Жергиликтүү басылмалар Айсултандын Фейсбуктагы баракчасына калтырган номери аркылуу аны менен байланышка чыгышкан.

— Фейсбукка мындай билдирүүнү жазууга эмне түрткү болду?

— Менин өмүрүм ар дайым коопту. Бирок мен андан коркпойм. Менин өмүрүм Кудайдын колунда.

— Сиз апаңыз ар убак таятаңыздын көзөмөлүндө болуп келгенин айттыңыз, эмнеге мындай деп жаздыңыз?

— Ушул кезге чейин биздин үй-бүлөдө көптөгөн окуялар болду (унчупай калат…). Мен азыр да жалган айтышым керекпи же аягына чейин чындык менен күрөшүүм керекпи билбем. Деген менен мен бардык чындыкты билем.

Менин оюмча алар кайсы бир катылган сырдан коркушкан сыякту. “Айсултан сенин кашыңда өссүн” деди таятам апама. Апам болсо “макул, көрөбүз” деп гана тим болду. Ошондон кийин абал кескин өзгөрө баштады.  Таятамдын жумуштары көбөйдү. Ага карабай ал мени дайыма өзүнө алгысы келчү. Апам болсо “Айсултан сага барбайт” деп жооп берчү.

— Апаңыз эмнеге мындай дечү?

Апам ал кезде магияны колдонду (күлүп). Мен апаман башка эч ким менен бирге боло албадым.

— Сиз менен байланышка чыккан журналиттер менен сүйлөшкөндө бардык чындыкты ачыктарыңызды, ошондой эле кайсы бир документтерди көрсөтөрүңүздү айттыңыз. Алар эмне болгон документтер?

— Азыр ошол документер тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок жакынкы убактарда мен сиздерге аларды көрсөтөм. Эң башкысы өлүп калбай тирүү жүрсөм эле болду… Сиз билесизби, алар менин атамды кантип өлтүрүшкөнүн? Айнур менен бирге менин атамды өлтүрүштү.

— Ошондой эле сиз баракчаныз аркылуу каныша Елизаветтаны таятаңызга телефон чалышын суранган экенсиз. Эмнеге сурандыңыз?

— Биздин урамттуу Назарбаевден каныша Елизаветта коркорун айткым келген. Чынын айтканда апам менен таятама жакындатпай алардын алыс кармайт. Мен бул өлкөдө дайыма кандайдыр бир көрүнүштөргө туш боло беремин. А чындыгында апам мени таятамдан алыста өмүр сүрүшүмдү каалайт.

Айсултан Назарбаев апасы аны кантип таятасынан алыта кармарын айтмак болгондо байланыш үзүлүп кетти.

Эске салсак, Айсултан көп жылдан бери баңгизатын колдонуп келери белгилүү. Былтыр Лондондун Сазарк районунда королдук сот 28 жаштагы Айсултан Назарбаевдин ишин караган. Казакстандын экс-президентинин жээни баңгизат чегип алып, полицияга каршылык көрсөтүп, тиш салган деп айыпталган.

Айсултан Назарбаев — экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаева менен анын качкында жүрүп, Европада каза болгон Рахат Алиевдин баласы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>