Чолпон-Атада ШКУнун саммитинин алдында тышкы иштер министрлеринин кеңеши өтөт

23.07.2026 | 16:58
Главы МИД стран ШОС соберутся в Чолпон-Ате перед саммитом в Бишкеке — Новости Кыргызстана

24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, ошондой эле уюмдун туруктуу иш алып баруучу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибин, ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын келечегин, тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелерин талкуулашат. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралат.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтердин долбоорлору макулдашылып, Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине даярдык маселеси да талкууланат.

ТИМ белгилегендей, жыйын ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон жылы өтүүдө. Быйыл Кыргызстан уюмга «ШКУга – 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураан алдында төрагалык кылууда.

Жыйын өтө турган Чолпон-Ата шаары 2025–2026-жылдары ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамына ээ.

Теги: ТИМ
Scroll to Top