Азия чемпионаты: Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Азия чемпионаты: Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) Казакстанда өтө турган Азия биринчилигиндеги атаандаштары белгилүү болду.

Маалым болгондой, мелдеш 7-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтөт. Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта 11 балбан кыз күч сынашат. Алардын арасында былтыр Азия чемпионатынын финалында жана дүйнө биринчилигинин жарым финалында Айсулуу Тыныбекованы уткан дүйнө жана Азия чемпиону Нонока Озаки бар.

Ошондой эле, бул мелдешке монголиялык Оркхон Пуревдорж катышат. Ал 2018-жылы Индонезиядагы Азия оюндарынын финалында Айсулуу Тыныбекованы утуп, алтын байгеге татыган. Кийинчерээк ал кызытма колдонгону аныкталып, Оркхон Пуревдорж мелдештерден четтетилген. Ал эми, Азия оюндарынын алтыны Айсулуу Тыныбековага берилген.

Азия чемпионатында 62 кг салмакта күрөшө турган балбан кыздар:

— Сяоцзюан Луо (Кытай)
— Сонам (Индия)
— Нонока Озаки (Япония)
— Ирина Кузнецова (Казакстан)
— Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
— Субин Жо (Корея)
— Оркхон Пуревдорж (Монголия)
— Сачини Верадуваге (Шри-Ланка)
— Син Пинг Пай (Кытайлык Тайбэй)
— Дилфуза Айымбетова (Өзбекстан)
— Ан Тует Тран (Вьетнам)

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына катышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>