Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял мекенине кайтарылды

Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял мекенине кайтарылды

Казакстанда 2003-жылдан бери документсиз жүргөн кыргызстандык 56 жаштагы аял 15 жашар кызы менен мекенине кайтарылды. Бул тууралуу 30-мартта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө аталган эки жаран Казакстанда жүрөндө оор турмуштук кырдаалга кабылганы айтылат.

«Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо аракетинде. Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана «Жаш Муун» диаспорасынын өкүлдөрү 2003-жылдан бери Казакстанда документи жок жүргөн 56 жаштагы аялды, 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кызды Кыргызстанга кайтарып келди», — деп жазылган маалыматта.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, Казакстандын аймагында турмуштук кыйын кырдаалга кабылып же кулчулукта калып, көп жылдан кийин мекенине кайтып келген учурлар катталып келет.

Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70%ын мигранттар түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>