Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы 12 атаандашынын аты белгилүү болду

Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы 12 атаандашынын аты белгилүү болду

Быйыл кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова өзүнүн спорттук карьерасында төртүнчү ирет Олимпиада оюндарына катышат. Буга чейин 2012, 2016 жана 2021-жылдары катышкан. Ал Олимпиада оюндарына жолдомону былтыр дүйнө чемпионатында утуп алган. Учурда Тыныбекованын Олимп оюндарындагы 12 атаандашынын аты белгилүү болду. Дагы үчөө 9-12-майда өтө турган дүйнөлүк лицензиялык мелдеште аныкталат. Эскерте кетсек, Олимпиаданын алкагында күрөш боюнча мелдеште ар бир салмакта 16дан спортчу күч сынашат. 

Олимпиада оюндары жолдомо уткан балбан кыздар (62 кг): 

1. Кыргызстан — Айсулуу Тыныбекова, 30 жашта (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2021-жыл), дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2019, 2021, 2023-жыл), бир ирет коло уткан (2017-жыл), Азиянын 6 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019, 2021, 2023, 2024-жыл), үч ирет күмүш (2014, 2015, 2022-жыл), эки жолу коло байге (2013, 2020-жыл) тагынган, Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2018-жыл), эки жолу коло уткан (2014, 2023-жыл)

2. Япония — Сакура Мотоки, 22 жашта (дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2023, 2022-жыл) жана Азия биринчилигинин күмүш байге ээси (2024-жыл)

3. Норвегия — Грейс Буллен, 27 жашта (дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2017, 2020, 2024-жыл), эки ирет күмүш тагынган (2016, 2023-жыл), Европа оюндарынын коло байге ээси (2015-жыл)

4. Украина — Ирина Коляденко, 25 жашта (Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2021-жыл), (дүйнө чемпионатында күмүш жана коло уткан (2019, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2021, 2023, 2024-жыл), бир ирет коло тагынган (2020-жыл)

5. Германия — Луиза Ниемеш, 28 жашта (Европа чемпионатында эки ирет күмүш (2022, 2024-жыл) жана бир жолу коло байгеге татыган (2023-жыл)

6. США — Кайла Киеко Миракл, 28 жашта (дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш тагынган (2021, 2022-жыл), Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2019-жыл), коло байге ээси (2023-жыл), Пан-Америка чемпионатын эки жолу жеңип (2021, 2024-жыл), бир ирет күмүш (2022-жыл), эки жолу коло тагынган (2018, 2023-жыл)

7. Канада — Ана Гонсалес, 24 жашта (Пан-Америка чемпионатында эки жолу алтын (2022, 2023), бир ирет күмүш уткан (2024-жыл)

8. Нигерия — Эстер Омолайо Колаволе, 22 жашта (Африка чемпионатында бир жолу алтын (2020-жыл), бир ирет күмүш тагынган (2023-жыл), Африка оюндарынын жеңүүчүсү (2024-жыл)

9. Тунис — Сивар Бусета, 24 жашта (Африка чемпионатында бир жолу алтын (2023-жыл), үч ирет күмүш (2018, 2019, 2022-жыл) жана бир жолу коло уткан (2020-жыл), Африка оюндарынын коло байге ээси (2019-жыл)

10. Болгария — Биляна Дудова, 26 жашта (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана бир ирет күмуш уткан (2018-жыл), Европанын төрт жолку чемпиону (2017, 2018, 2019, 2021-жыл), бир жолу күмүш (2020-жыл) жана бир ирет коло тагынган (2023-жыл)

11. Бейтарап спортчу — Алина Касабиева, 22 жашта (дүйнө, Европа чемпионаттарында байге ала элек)

12. Монголия — Орхон Пуревдорж, 30 жашта, (дүйнө чемпиону (2017-жыл), Азия чемпиону (2018-жыл) жана күмүш байге ээси (2023-жыл)

13. Северная Корея — Хён Гён Мун, 26 жашта (Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>