Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ош коогалаңында кишини өлтүрүп, сөөгүн Ак-Буурага ыргыткан жаран колго түштү
29.04.2024 | 14:29
2010-жылкы Ош коогалаңына катышкан 37 жаштагы жаран Орусиядан учуп келиши менен аэропорттон кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ж.М. 14 жылдан бери Орусиянын ар кайсы шаарында жашап, жашынып жүргөн.
Ал 23 жашында Оштогу коогалаң учурунда адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Милициянын маалыматында, ал шериктери менен бирге 2010-жылдын 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 53 жаштагы тургунун бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген.
Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда Ж.М. Орусияга чыгып кеткен.
Шектүү камоого алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал