Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрүКамчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирдиКыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталууда
Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана окулат
12.05.2021 | 09:41
Быйыл Айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулбайт. Мындай чечим Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган.
Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, быйыл эски аянтында майрамдык айт намаз окулбайт. Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат.
Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө таянсак, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде гана 240 адамдан коронавирус жаңы табылса, 191 бейтап ооруну жеңип, 5 киши каза болгон.
Май айынын башынан бери инфекция 2 миң 138 адамдан аныкталып, 38 киши каза болгон.
Ал эми Орозо айт күнү 13-майга белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом