Айыл чарба мин: 9-январда Бишкекте 2021-жылдын биринчи жарманкеси башталат

Айыл чарба мин: 9-январда Бишкекте 2021-жылдын биринчи жарманкеси башталат

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы биргеликте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантууда. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, 2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Бишкекте Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

«Жарандарды колдоо максатында бааларды дүң баада сатуу жарманкенин маанилүү критерийи болуп саналат. 

Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, кыргызстандыктардын арасында суроо-талапка ээ болду.  Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты.  Ошондуктан, биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз».

Белгилей кетсек, акыркы жолу жарманке 26-декабрда өткөн. Анда жарманкеде эт (уй эти) 380 сом, өсүмдүк майы 550 сом ж.б.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>