Бишкекте 18-январдан тарта кайсы класстын окуучулары мектептен окуй турганы маалымдалды

Бишкекте 18-январдан тарта кайсы класстын окуучулары мектептен окуй турганы маалымдалды

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташты. Эми калаада мектептер жана бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу борбор калаанын бийлиги билдирди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев жалпы билим берүү уюмдарынын ишин бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык калыбына келтирүү идеясын колдоду.

Алдын ала 12-18-январь аралыгында борбор калаанын мектептеринде мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү пландаштырылууда.

 «Бул үчүн ҮМБ дарыгерлери мектеп дарыгерлерине жана медайымдарга жардамга келишет. COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү бар тарбиячылар, байланышка чыккан адамдар ПЦР тестирлөөсүнө жөнөтүлөт. Ошол эле учурда, дезинфекциялоо иштери билим берүү мекемелеринин имараттарында жүргүзүлөт, райондук билим берүү борборлору окуу процессин (тамак-аш, жеке коргонуу каражаттары) камсыз кылуу боюнча даярдык иштерин бүтүрүшөт», — деп билдирди мэрия.

18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстар мектепке барат. Балдар эки нөөмөттө окушат, отургучтар шахмат түрүндө коюлат.

Бул режимде мектеп окуучулары 1-февралга чейин окушат, ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия доорундагы билим берүү процессине көз салышат.

Эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжолдуу түрдө экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барышат.

Ар кандай себептерден улам, оффлайн режиминде сабактарга катыша албай калган балдар үчүн онлайн режиминде окууга мүмкүнчүлүк болору белгиленди. Бул тажрыйба шаарларда жана өлкөлөрдө кеңири колдонулат, алар билим берүү уюмдарынын ишин акырындык менен кайра ачуу процессинде дагы бар.

Мектептердеги консервацияланган күндүзгү ооруканалар жайгаштырылат, техникалык колдоо ҮМБга өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлүп берилет.

Бала бакчалар дагы 20-февралда ишин улантышат.

Вице-мэр мектеп окуучуларынын тамактануу сапатын жакшыртуу боюнча ишти уюштурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, илдеттин жайылуусунан улам окуучулар өткөн жылдын март айынан бери онлайн форматта окууларын улантып келишет. Учурда борбор калаада коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 27 миң 224гө жетти. Ал эми жалпы республика боюнча вирусту жуктургандардын жалпы саны — 81 миң 991.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>