Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүм 2 күндөн бери изделүүдө
16.05.2025 | 09:59
Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүм 2 күндөн бери изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кечээ, 15-майда “112” кызматына дарыяга болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери өспүрүм изделип жатат.
Бүгүн, 16-майда баланы издөөгө куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жакын туугандарынан болуп жалпы 254 адам тартылды.
ӨКМ издөө иштерине байланыштуу бүгүн 09:30дан тарта Ак-Буура дарыясына суу берүү Папан суу сактагычы таратыбанан убактылуу токтотуларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар