Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
“Ак-Ордодо” 400 жер тилкеси талаш, 12 миң үй мыйзамдашты
15.03.2024 | 13:36
“Ак-Ордодо” жаңы конушунда 12 миң мыйзамсыз салынган үй жер мунапысынын алкагында тийиштүү документтерди алышты. Бул тууралуу Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов билдирди.
Анын айтымында, 900 гектар жерде 14 миң 728 мыйзамсыз үйдү легалташтыруу боюнча арыз келип түшкөн. Анын 2 миңге жакыны кайра кайтарылган. Жаңы конушта 400дөй жер тилкеси талаш-тартыш жаратууда.
“Бир эле жер тилкеси бир нече жолу сатылып кеткендиктен соттук териштирүүлөр жүрүүдө”, – дейт аким.
Илияз Ташкуловдун маалыматында, Сокулук районунда 25 миң 500 киши жер тилкесин алуу үчүн тизмеде турат.
“Бирок бизде аларга жер берүү үчүн трансформация кылууга бош жерибиз жок. Район көп кабаттуу үй куруу менен гана бул маселени чече алат”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом