Бишкекте батирге кирип, 324 миң сомго уурулук кылган шектүү кармалды

Бишкекте батирге кирип, 324 миң сомго уурулук кылган шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-мартта милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 1-февралдан 11-мартка чейинки аралыкта белгисиз адамдар Элебаев көчөсүндөгү көп кабат үйдөгү батирине кирип, 72 миң сом акчасын жана 252 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 20 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Учурда анын ушул сыяктуу башкы фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(505) 49-06-06, 0(505)  66-01-11 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>