Ак-Сайда тоок фермасы өрттөлүп, өзү өлтүрүлгөн ишкердин уулуна өкмөт колдоо көрсөтөт

Ак-Сайда тоок фермасы өрттөлүп, өзү өлтүрүлгөн ишкердин уулуна өкмөт колдоо көрсөтөт

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай Ак-Сай айылында жайгашкан. Фермадагы чыгым ошол учурда  40 млн сом деп бааланган.

Буга чейин, Министрлер кабинетинин чечими менен  тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми, анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга  30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Мамлекет ишкерлерге өзгөчө көңүл бурарын айткан Акылбек Жапаров, “Балам, атанын жолун улап кетүү ата үчүн чоң сыймык. Баткен жергесинде эле эмес, Кыргызстанда, ал гана эмес Борбор Азияга чыкканга жумуртканы, тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө жет. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтөт”, — деп билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>