Бишкекте орусиялык жарандан 5 миң $ опузалаган киши кармалды — видео

Бишкекте орусиялык жарандан 5 миң $ опузалаган киши кармалды — видео

Опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 16-февралында Россиянын жараны жазуу жүзүндө арыз менен милицияга кайрылган. Ал январь айынын аягында борбор калаадагы базарлардын биринде аны белгисиз адамдар тосуп алганын айткан. Ал жерден аны «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унаага мажбурлап отургузуп, 5 миң доллар жана эки уюлдук телефон талап кыла башташкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү кафелердин биринде 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы жигит болуп чыккан.  Ал борбор калаанын Борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>