Ак-Сууда 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди  

Ак-Сууда 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди  

Бүгүн, 28-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова «Социалдык келишим» долбооруна катышып жаткан Ак-Суу районунун үй-бүлөлөрүнө барды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Гүлнара Баатырова барган биринчи үй-бүлө Айзада Бабалиеванын үй-бүлөсү болду. Мамлекеттен 100 миң сомго үй-бүлө үч тигүүчү машина сатып алышкан. Бүгүн Айзада Бабалиева 12 тигүүчү машинага тигүү цехин ачып, анда иштегендер 20 миң сомго чейин айлык алышат.

Гулия Шакенованын үй-бүлөсү мамлекеттик каражатка эки торпок менен кошо гриль жана шаурма жабдыктарын сатып алышкан. Үй-бүлө азык-түлүк сатуу бизнесин уюштуруп, айына 42 миң сомго чейин айлык алат.

«Ак-Суу районунда жалпысынан 306 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштады. Бул 1,7 миңден ашык адамдын жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүндүк берди. Алардын 82% айыл чарба менен алектенет», — деди Гүлнара Баатырова.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына иш сапары менен барып, башкармалыктын ишмердүүлүгү, кызматкерлер менен таанышып, баарлашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>