Садыр Жапаров Берлинде мекендештер менен жолугушту

Садыр Жапаров Берлинде мекендештер менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Берлин шаарында Германиядагв кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушууга келген мекендештерге ыраазычылык билдирип, иш сапарынын алкагында пландаштырылган иш-чараларга, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолду.

Берлиндин борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган айкелдин маанисин белгилеп, Садыр Жапаров Улуу “Манас” эпосу кыргыз элинин жалпы тарыхын, каада-салтын жана үрп-адаттарын камтыган тарыхый баа жеткис булагы болуп саналарын белгиледи.

“Биздин ата-бабаларыбыздын калтырган бул зор осуяты бүгүнкү күндө да өзүнүн маанисин жоготкон жок жана бизге дайыма жол көргөзүп келет — бул элди биримдикке, ынтымакка чакыруу”, — деди президент.

Мамлекет башчысы “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарын айтып, аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал “Жаш Манасчы” Германиядагы кыргызстандыктарга алардын мекен менен болгон байланышын ар дайым эске салып турарына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып, кыргызстандыктар Кыргызстан менен дайыма байланышта болуп, мекенине кошкон салымдарын мындан ары да улана берерине ишеним артты.

Өз кезегинде диаспоранын өкүлдөрү суроолорун берип, өлкөдөгү оң реформаларды, атап айтканда, социалдык-экономикалык тармактагы өзгөрүүлөрдү белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>