ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Ак-Талаада ЖРТдан эң жогорку балл алган мектепке унаа тапшырылат
19.06.2023 | 17:32
Ак-Талаа району боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган мектепке унаа тапшырылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков акыркы 2-3 жылдан бери окуучулар менен мугалимдерди кызыктыруу максатында жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алгандарга атайын сыйлык уюштуруп, тапшырып келет.
Быйыл да тестирлөөдө эң жогорку балл алган мектепке автоунаа, окуучуга ноутбук жана башка кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
Депутат мындай аракет райондогу мектептер арасында атаандаштыкты пайда кылып, окуучулардын окууга болгон аракеттерине түрткү берип, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө болот деп эсептейт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом