Сауд өнүктүрүү фонду турак жай курууга 100 млн $ насыя бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду турак жай курууга 100 млн $ насыя бөлөт

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 м2ден 85 м2ге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына    жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов Сауд өнүктүрүү фонду 1,5% менен насыя берип жатканын, ал эми «МИК» ААКтын үстөк пайызы 4%дан 8%га чейин экенин белгилеп, турак-жай программасынын катышуучуларынын үстөк пайызын төмөндөтүү маселесин кароону сунуштады.

Өз кезегинде эл өкүлү Адахан Мадумаров да ипотеканын жеңилдетилген пайыздык ченин 4% деп белгилөөнү сунуштады. Депутат Миргүл Темирбаева долбоорду пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү менен аймактардан ишке ашырууну сунуштады. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Мыйзам долбоорун колдогон депутат Миргүл Темирбаева долбоорду аймактарда ишке ашырууну активдештирүү, подряддык уюмдардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>