Садыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулду
Баткенде күйүп кеткен тоок ферманын карызын жабууга 30 млн сом бөлүнөт
19.06.2023 | 17:11
Баткен облусундагы өрттөнүп кеткен тоок фермасынын ээси Айсалкын Абытованын карызын жабуу үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 30 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Мындан тышкары Баткен облусун колдоо үчүн кошумча каражат бөлүү пландалууда. Тактап айтканда:
- 10,6 млн сом – 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерди колдоого;
- 168 млн сом – президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө;
- 35 миллион сом – Картография жана геодезия мамлекеттик агенттигине кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом