Акаев: Мен жөнүндө бары калп, ага эч ким ишенбейт

Акаев:  Мен жөнүндө бары калп, ага эч ким ишенбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти эч качан күч менен басып алууга аракет болбогонун айтып, акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакта эч бир далили жок, троллдордун фабрикасы даярдаган видео тарап жатат.

“Калптын мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, нормага айланып бара жатканы — абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүлүү, көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анын арты менен айып тагабыз деген аракетке сапатсыз видеого,карандай калпка 1-класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен “бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандыктарды уюштурабыз” деген сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин.

Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам, эмне үчүн мен бийликти басып алышым керек? Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз, эч качан мокобойбуз”,- деди Акаев.

Ошондой эле Акаев акыркы жолу Курсан Асанов менен февраль айында куран окутууда жолукканын айтып, андан бери телефон аркылуу да сүйлөшпөгөнүн белгилеген.

Айта кетсек, интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанарбек Акаевдин аты аталган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>