Кыргызстан ири футбол клубдарында аялдар командаларын түзүүнү пландоодо

Кыргызстан ири футбол клубдарында аялдар командаларын түзүүнү пландоодо

Кыргызстанда аялдар футболун өнүктүрүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

«ФИФА азыр ага көбүрөөк көңүл буруп жатат. Биз дагы артта калбоого аракет кылып жатабыз. Өлкөдө футбол клубдарын, профессионалдык базаны түзмөйүнчө өнүгүү жөнүндө сөз кылуу кыйын. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында бүгүн ойноп, эртең жабыла турган командалар бар, анткени муун өсүп жатат», — деди ал.

КФУнун президентинин айтымында, учурда өлкөнүн ири клубдары менен алардын системасында аялдар командасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2022-жылы чемпионатты үч эмес, эки жаш категориясында өткөрүү пландалууда. Мелдеш учурунда спортчулардын жол киресин, жатаканасын, машыгуусун Футбол союзу төлөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>