Акаев президент кезиндеги кетирген катачылыктарын айтып берди

Акаев президент кезиндеги кетирген катачылыктарын айтып берди

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Казакстандын  Tengrinews.kz маалымат агенттигине маек берип жатып Кыргызстанды башкарып тургандагы катачылыктарына токтолду.

Ал журналисттин, “Артка кылчайсак, президент болуп турганда кандай катачылыктар болду деп ойлойсуз? Бир нерсени оңдоону каалайсызбы?”-деген суроосуна жооп берди.

“Тарыхта ката кетирбеген лидерлерди табуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Анткени, бардык адамдар ката кетиришет.

Кытайлар абдан акылдуу эл. Мао Цзэдун саясий карьерасы аяктаганда сындай башташты. Алар Маонун ишмердүүлүгүн толугу менен жокко чыгарууну каалашты. Мао эки жолу камалып, кайра тарбиялоо лагерине  жөнөтүлгөн анын оң колу Дэн Сяопин: «Мао 75 пайыз туура, 25 пайыз туура эмес, муну токтотуп, алдыга жылалы», — дейт. Ал эми анын акылман сөздөрүнүн мааниси миллиардынчы кытай элинин көз карашын өзгөрттү.

Ошондон бери, 40 жыл бою алар ушунчалык тездик менен өсүп келе жатышкандыктан, бүгүн алар дүйнөдөгү экономикасы күчтүү Американы басып өтүп кетишти. Адамдардын алдыга умтулуусу абдан маанилүү.

Албетте, мен ката кетирдим. Анткени мен саясатчы эмес элем, 1990-жылдарга чейин профессионал окумуштуу болчумун. Мен Советтер Союзунда улуттук академиянын эң жаш президенти болчумун. Илим үчүн көп нерсе кыла турган эң жакшы 15 жылымды жоготтум деп ойлогом, бирок ошондой  эле болду.

Бизде Ош окуясы болду. Баардык жерде көбүнчө коммунист лидерлер президент болуп, биздикилер шайлана алышпады, анткени Ош окуясында ал байланып калган. Алар мени шайлашты. Эл ишенимин бергендиктен, мен аргасыз болдум, бардык күчүмдү, бардык билимимди, колумдан келгендин баарын жумшадым.

Туура, саясатты үйрөнүп келиш керек болчу. Ал эми Нурсултан Абишевич өмүр боюу окуган, саясатта тажрыйбалуураак, саясий лидер, өмүр бою ушул багытта иштеп келет. Ислам Абдуганиевичтен (Ислам Каримов – Өзбекстандын биринчи президенти) ал дагы окуган, профессионал саясатчы да болгон. Мен окудум, ката кетирдим, кеңештик, оңдодук, ошондуктан мен катасыз эмесмин деп айтпайм”-деди Акаев.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>