Аскар Акаев: Кыргызстанга келем, сөөгүм туулуп-өскөн жерге көмүлсүн

Аскар Акаев: Кыргызстанга келем, сөөгүм туулуп-өскөн жерге көмүлсүн

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Казакстандын  Tengrinews.kz маалымат агенттигине маек берип жатып өлсө сөөгү Кыргызстанга коюлса деген тилегин билдирди.

Ал журналисттиен “Туулган жериңизге дагы эле кайтып келдиңиз, Кыргызстанда калгыңыз келеби?”-деген суроосуна жооп берди.

“Албетте, Кыргызстанга кайтып келейин деген максат бар, ансыз деле жашым бир топко келип калды. Сөөгүм туулуп-өскөн жериме көмүлсүн. Бирок, ал-күч бар кезде  чыгармачылык менен иштегим келет, анткени Москва мамлекеттик университетинин окумуштуулар командасына абдан көнүп калдым.

Ал эми чыныгы илимий жыйынтыктарга жетиш үчүн күчтүүлөрдүн  жанында иштеш керек.

Андай чөйрө керек, антпесе, өзүң жакшы билесиң… Мен ал жерде өзүмдү абдан ыңгайлуу сезем”-деп жооп берген.

Буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга келип Кумтөр маселеси боюнча сурак берип кеткен. Садыр Жапаров Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алууда Аскар Акаевдин ролу чоң болгонун белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>