Акаев: Президенттин сөзүнүн кадырын кетирдиңиздер

Акаев: Президенттин сөзүнүн кадырын кетирдиңиздер

Жогорку Кеңештин комитет жыйында депутат Жанар Акаев Бишкек шаарынын Максим Горький атындагы сейил багындагы эки башка митингге эки башка мамиле болгону үчүн милицияны сынга алды.

“Украиндагы кырдаал боюнча президент да, Тышкы иштер министри да Кыргызстан нейтралдуу позицияда турганын айтты. Бирок, ошол эле убакытта бир күндө өткөн митингге милиция тарабынан эки түрлүү мамиле жасалып жатат. Президенттин сөзүнүн кадырын кетирдиңер. Бир күн мурун президент билдирүү жасады, Горький сейил багына митинг өткөрө бергиле деп, бирок, милиция келип кармап кетти.  Президенттин сөзүн милиция укпаса эмне болот деген ой пайда болду. Ушул жагдайда сот баарын актады, бирок, милициянын кадамы түшүнүксүз болуп калды. Анткени, бир жакта көчөгө чыккан адамдарга бирдей мамиле болушу керек да. Мына ошондой милициянын туура эмес бир кадамынан чоң санкцияларга кабылып калбашыбыз керек”— деди депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>