Жети жашар баланын өлүмүнөн кийин дарыгер жумуштан бошотулду

Жети жашар баланын өлүмүнөн кийин дарыгер жумуштан бошотулду

Жети жашар баланын өлүмүнөн кийин Улуттук госпиталдын дарыгери жумуштан бошотулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматына ылайык, 2-апрель күнү саат 14.00дөр чамасында Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө жети жаштагы бала түшкөн. Баланын ата-энеси сүннөткө отургузуу операциясын суранган.

«Толук наркоз берилбей (местный наркоз) бала сүннөткө отургузулган, бирок бала ыйлап, каршылык көрсөтүп, сүннөткө отургузууга уруксат берген эмес. Бала атасынын жана агасынын коштоосунда шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Туура эмес көзөмөл үчүн Улуттук госпиталдын жетекчилиги урология бөлүмүнүн башчысы А.А., дарыгер К.Т.га сөгүш жарыялап, өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотту. Мындан сырткары урология бөлүмүнүн башчысы Т.Ж. тарбия иштерин жүргүзүү жана бейтаптардын ишине көзөмөлдү күчөтүү сунушталды», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, Бишкекте жети жаштагы бала сүннөткө отургузуудан кийин каза болгон. Милиция экспертиза дайындаган. Алдын ала маалыматтар боюнча бала көп кан жоготкон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>