Акаев Тажикстанды эл аралык сотто жоопко тартуу керектигин айтты

Акаев Тажикстанды эл аралык сотто жоопко тартуу керектигин айтты

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргызстанга агрессия көрсөтүп, кол салган Тажикстан тарапты эл аралык кылмыш сотунда жоопко тартуу керектигин билдирди.

Ал сөзүндө президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Тажикстан Кыргызстандын тынч жаткан элине агрессия жасаганын билдиргенин айтып, Кыргызстанга карата агрессия кайталанбашы үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл экенин белгиледи.

«Биздин жарандарыбыз дагы өлбөшү үчүн, алар экинчи мындай кол салууга барбагандай кадамдарды жасашыбыз зарыл. Өзүңөр билгендей эл аралык кылмыш соту бар. Рим статуту деп коет. Ага Тажикстан мүчө, бирок Кыргызстан азыркыга чейин мүчө эмес. Ошол жерде аскерий, агрессиялык кылмыш жасаса, эл аралык сотто жооп бериши керек деп жазылган. Биздин жай тургундарга, аскерлерибизге атайын пландап куралдуу кол салуу жасаган адамдар, агрессор, диктаторлор кылмыш сотунда жооп берүүгө тийиш», — деди депутат.

Андан соң ал парламент Рим статутун жактырып берип, Кыргызстан ага кириши керектигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>