ГЭС, темир жол, виза: Жапаровдун самитте айткан сунуштары

ГЭС, темир жол, виза: Жапаровдун самитте айткан сунуштары

Президент Садыр Жапаров 19-июлда «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» биринчи саммитинде сөз сүйлөп, бир катар сунуштарды айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы төмөнкү кадамдарды жасоону сунуштады:

— Араб өлкөлөрү менен визасыз зонаны түзүү;

— авиакомпанияларды борборлор ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга жана кеңейтүүгө дем берүү жана колдоо көрсөтүү;

— биргелешкен туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;

— банктар аралык кызматташтыкты чыңдоо;

— соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Мындан тышкары, президент регионалдык энергетикалык жана суу коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошо турган Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ири ГЭСин курууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле, өлкө башчы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдей турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча мегадолбоорду биргелешип ишке ашырууга катышууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>