Камактагы ишкер Илгиз Шаменовдун бизнесине кысым болууда, — жактоочу

Камактагы ишкер Илгиз Шаменовдун бизнесине кысым болууда, — жактоочу

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган ишкер жана активист Илгиз Шаменовдун балык өстүргөн бизнесине (Тянь-Шань Форель» ЖЧКсы) кысым болуп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жактоочу Канат Асанкадыр билдирди.

Анын айтымында, Шаменов 2019-жылы балык өстүрө баштап, Чүйдүн Панфилов районунун суу фондундагы жерди кыска мөөнөткө ижарага алган. Үч жыл аралыгында балык багып-өстүргөнгө тиешелүү шарттар түзүлгөн. Ал үчүн Шаменов 500 миң долларга жакын насыя алган. Жыл сайын 100 тоннага чейин форель сатыла баштаган.

Анын балык чарбачылыгында бир катар чиновниктер болуп, алардын ичинде өкмөт башчы Акылбек Жапаров да бар. Былтыр 30-апрелде Министрлер кабинети «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсына балык өстүрүү үчүн жер тилкесин 49 жылга ижарага берүүгө буйрук чыгарган.

«Бирок 2023-жылы 28-мартта Министр кабинетинин буйругу менен мурдагы буйрук (2022-жылдын 30-аперлиндеги) жокко чыгарылган. Башкача айтканда, Панфилов райондук мамлекеттик администрация ижара акысы жана жер салыгы убагында төлөнгөн жок деп узак мөөнөткө түзүлгөн ижара келишимин жокко чыгарды.

Келишимге ылайык, өз убагында төлөнбөгөн ижара акы үчүн «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсына ашып кетти дегенде айып пул салынышы керек болчу. Келишимди бузууга негиз жок эле», — дейт ал.

Жактоочу Канат Аскандыр Илгиз Шаменовдун бизнесине кысым, бут тосуулар болуп жатканын айтып, муну айыл чарба министри менен байланыштырды.

«Илгиз Сарылдык уулу (Илгиз Шаменов – ред.) Аскарбек Жаныбеков жетектеген Айыл чарба министрлигиндеги 975 млн сомдук коррупциялык каржы бузуулар тууралуу материалды УКМКга берген. Ишкердин айтымында, УКМК ал маалыматты текшерүүгө даяр экенин билдирген. Бул окуялардан кийин айыл чарба министри айыл чарба тармагында ким бизнес кыларын, кимге болбой турганын өз алдынча чече баштады», — дейт ал.

Канат Асанкадыр аталган иш боюнча президент Садыр Жапаровго кайрыла тургандарын билдириди.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов былтыр октябрдын аягында Кемпир-Абад иши боюнча «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Кемпир-Абад иши: Канча киши камакта, кимдер абактан чыкты?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>