Жаранды «акчаңды көбөйтүп берем» деп алдап кеткен шектүү кармалды

Жаранды «акчаңды көбөйтүп берем» деп алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-августта милицияга А.С. аттуу жаран (аял киши) кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл фейвраль айында А. аттуу жаран ишенимине кирип, «акчаңды эки эсе көбөйтүп берем» деп 25 миң сомун алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 59 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Белгилүү болгондой, шектүүнүн ушул сыяктуу 10го жакын алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(700) 06-03-89 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>