Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Акциздик маркасы жок 1,8 млн сомдук тамеки мамлекеттин эсебине алынды
07.08.2023 | 14:05
Баткенде акциздик маркасы жок 1,8 млн сомдук тамеки мамлекеттин эсебине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 9-майда УКМКнын кызматкерлери Кара-Бак айылынын Ж.Д.А. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, акциздик маркасы жок 17 миң 960 куту тамеки табылып алынган.
21-июлда Баткен райондук соту облус тургунун Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.
Ошондой эле 1 млн 800 миң сомдук тамеки мамлекеттин эсебине алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз