Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Президент ишти көзөмөлүнө алды

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Президент ишти көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгону айтылган 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди», — деп билдирди Султанбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин каза болгон жигиттин агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

Иним ур-токмоктон каза тапты, — Бостериде каза болгон жигиттин агасы (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>