КРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти
АКШ: 46 жыл күнөөсүз түрмөдө отурган киши аныкталды (ВИДЕО)
03.11.2021 | 16:40
АКШ тургунунун эч күнөөсүз түрмөдө отургандыгы 46 жылдан кийин далилденди. Бул туурасында Орусиянын РЕН-ТВ телеканалы айтып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, ал мындан 46 жыл мурун өзүнүн аялын өлтүргөн деп айыпталып, өмүр боюу эркинен ажыратылган. Ушул убакыт аралыгынан бери бир канча ирет өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет жасаган. Бирок, далилдей албай келген. Дагы бир жолу кайталап аракет кылуу менен өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдей алган.
Көрсө, бул иште прокурор катачылык кетирип койгон. Документтерде аялынын каза болгон убактысын туура эмес көрсөтүшүп, экинчи шектүүнү коё беришкен. Жыйынтыгында коё берилген киши чыныгы күнөөлү болуп чыкты.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар