АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентти деп тааный турганын билдирди

АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентти деп тааный турганын билдирди

АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентти деп тааныйт. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Анда Америка Кошмо Штаттары 10-январда орун алган президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен кыргыз элин куттуктап, Борбордук шайлоо комиссиясын COVID-19 пандемиясынын сыноолоруна карабастан, шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле, эл аралык уюмдар мыйзам бузуулар катталганын айтып чыкканынын, ал фактыларды укук коргоо органдарын жакшылап иликтеп, териштирүүгө чакырат. 

“Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган Президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз”, — деп айтылат билдирүүдө. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>