АКШдагы башаламандык токтой элек, демонстранттар менен полиция кагылышты

АКШдагы башаламандык токтой элек, демонстранттар менен полиция кагылышты

Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин рассалык теңсиздикке каршы толкундоолор  токтой элек. 

Чет элдик сайттарда кабарлангандай, нааразычылык акциялары өлкөнүн 20дан ашуун штатында уланууда.

Нью-Йорк, Чикаго, Филаделфия, Лос-Анджелес сыяктуу ири шаарларда демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, бир нече адам ар кандай жаракаттарды алган.

Чогулгандарды кууп таркатыш үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду пайдаланууга мажбур. Айрым шаарларда дүкөндөр тонолуп, полициянын автоунаалары өрттөлгөн.

Коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн миңдеген аскерлер жана полиция кызматкерлери тартылган.

Жасалма акча үчүн айыпталган 46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда полиция тарабынан кармалгандан кийин, реанимацияда көз жумган.

Интернетке тараган видеодо үч полиция кызматкери Флойду кармаган соң, бири тизеси менен басып турганда ал дем ала албай калганын айтат, андан соң эсин жоготот.

Тэги: АКШ митинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>