АКШдан баңгизат алып турган. Милиция шектүүнү кармады

09.06.2023 | 15:18

Бишкекте АКШдан «гашиш майы» баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлган.

“11-майда Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан 1992-жылы туулган И.Р. аттуу борбор калаанын тургуну кармалган. Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, АКШдан бир адам ага азык-түлүктүн идиштерине салынган баңгизатты жөнөтүп турган”, – деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 970 граммды түзгөн.

“Ошондой эле, бул «гашиш майы» баңгизаты электрондук тамекилерге жана вейптерге куюуга арналганын белгилей кетүү керек. Көмүскө базарда 1 грамм «гашиш майы» баңгизаты толтурулган капсула 100 доллар турат”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

[image_carousel source=”media: 191258,191257,191256,191255,191254,191253,191252,191251,191250″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top