Кыргызстандык бийчилер Ташкентте өткөн турнирде жеңүүчү болушту

Кыргызстандык бийчилер Ташкентте өткөн турнирде жеңүүчү болушту

Кыргызстандын бий спортчулары Өзбекстанда өткөн спорттук бал бийи боюнча Борбордук Азиянын эң күчтүү Кубогунун биринчи этабынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Анын маалыматына караганда, 3-4-июнь күндөрү Ташкентте (Өзбекстан) WDSFтин колдоосу астында ар жылдык бал бийи боюнча «SOGLOM AVLID 2023» эл аралык турнири болуп өттү, анын алкагында жаштар жана чоңдор арасында Борбордук Азиянын эң күчтүү кубогунун биринчи этабы өттү. Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан менен Азербайжандын спортчулары катышты.

Бул турнирде көрүнүктүү жыйынтыктарды Кыргызстандын бий спорт федерациясынын өкүлдөрү көрсөтүштү.

Бийчилер төмөндөгүдөй байгелүү орундарды ээлешти;

— Мамаджанов Фарух жана Лисовская Регина 1-орунду ээлешти (8 жуп),

— Блинков Дмитрий жана Мамбетова Асал, 1-орунду ээлешти (10 жуп);

— Валиев Руслан жана Улаш Иремниса (жаштар категориясы) 1-орунду ээлешти;

— Артем Саломатин жана Салидат Абылова (жаштар категориясында) 1-орунду ээлешти;

— Александр Усенко жана Дарья Карпенко (жаштар категориясы) 1-орунду алышты;

— Бадинур Мелисов жана Мелания Кущ (жаштар категориясы) 2-орунду ээлешти,

— Айбийке Айыпова (өспүрүмдөр-1 категориясында), 2-орунду ээледи.

— Севара Мамбетова (өспүрүмдөр-1 категориясында) 3-орунду ээледи.

Бал бийи боюнча Борбордук Азиянын күчтүүлөрүнүн кубогунун экинчи этабы 2023-жылдын күзүндө Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>