Президент Кыргызстан сомду эми өзү басып чыгара баштарын айтты  

Президент Кыргызстан сомду эми өзү басып чыгара баштарын айтты  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара кыргыз сомунун тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттеги маанилүү окуялардын бири – улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул процессте олуттуу роль ойногон Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгиледи.

Ал Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алып, жүгүртүүгө киргизген мурдагы Союздун мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болгонун айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республиканын ичинде басып чыгара баштаарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңсе болоруна ишенип, келечекке жакшы үмүт менен кароого чакырды.  Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>