Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
АКШга виза жасап берем. Бишкекте алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы киши кармалды
14.12.2020 | 15:55
Бишкекте алдамчылыкка шектелип бир адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда И.Э. аттуу жаран чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Шектүү 2019-жылдын 14-октябрында, арыз ээсинин бир тууганына АКШга виза ачып берем деп, 3 миң долларды алып изин жашырып кеткен.
Бул факт Ленин РИИБнин кылмыштардын жана жооруктарынын бирдиктүү реестринин каттоосуна алынып, “Алдамчылык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 40 жаштагы У.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар