Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Америкалыктарга Кыргызстанга келбей туруу сунушталды
21.05.2021 | 10:13
АКШнын мамлекеттик департаменти жарандарына Кыргызстанга убактылуу келбей турууну сунуштады. Мындай билдирүү АКШнын Бишкектеги элчилигинин сайттына жарыяланды.
Буга башкы себеп катары өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал айтылган. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Кыргызстандын калкынын саламаттыгын төртүнчү деңгээлде деп баалаган. Анда айтылгандай, COVID-19дун жаңы учурларынан улам, саламаттык сактоо тармагына кыйынчылык жаралгандан улам, медициналык жардам дайыма эле жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
АКШнын жарандарына Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу элчиликтин социалдык тармактагы расмий аккаунттарынан карап турууга жана өлкөдөгү кылмыштуулуктун өсүүсү боюнча соңку кырдаал менен таанышууга чакырган.