Эки адам мерт кеткен Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы

Эки адам мерт кеткен Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 3-августта таң эрте Ысык-Көлдө болгон жол кырсыктын чоо-жайын билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык Тору-Айгыр жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгон. Mitsubishi унаасын башкарган 39 жаштагы Т.Т. аттуу жаран батыштан чыгышты көздөй бара жатып батышты көздөй бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасын сүзгөн. Күбөлөрдүн айтымында, Mitsubishi унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Mercedes-Benz Sprinter унаасында 18 жүргүнчү бар болгон.

«Коопсуз шаар» камераларынан алынган маалыматка ылайык, Mitsubishi унаасынын айдоочусу 2-августта саат 16:00дө Бишкектен Ысык-Көлгө чыгып кетип, Бишкекке кайра 3-августтун түнүндө саат 02:12де келген. Ошол эле күнү саат 04:42те кайра Ысык-Көлгө жолго чыккан. Эртең менен саат 07:20да Тору-Айгыр жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда уктап кетип, карама-каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter унаасын сүзгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү жана жабыркаган адамдардын саны такталууда.

Учурда тиешелүү экспертизалар белгиленип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган башкармалык жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кырсык боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат берип, жол кырсыгында 2 адам каза таап, 23 адам жабыркаганын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>