Аксыда сел кооптуулугу жаралып, 64 үй-бүлө эвакуацияланды

Аксыда сел кооптуулугу жаралып, 64 үй-бүлө эвакуацияланды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел кооптулугу жаралгандыктан, 64 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, 25-май күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам Аксы районунун Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сел сайынан түшкөн сел суулар авто көпүрөнүн түбүнө батпай ашып, жол каттамы жабылган.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров баштаган жумушчу топ аталган аймактагы кырдаалды жеринде көрүп, иш алып барышууда.

Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында чарбалык жолдорду калыбына келтирип жатышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>