Активист Афтандил Жоробеков кармалды

Активист Афтандил Жоробеков кармалды

«Инстаграмдагы» BespredelKG баракчасынын администратору, активист Афтандил Жоробеков кармалды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Ал өзү социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын маалымдап, анын телефонун алып коюп жатканын кошумчалаган.

«Азаттык» медиасынын билдирүүсүндө, активистке  “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды.

Сот азырынча активисттин бөгөт чарасы карала электигин айтты.

Белгилүү болгондой, өлкөдө тууну өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште карала баштап, тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Ага байланыштуу активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Горький сейил багында тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митинг өткөрөрүн билдирген. Бул боюнча мэрияга кат жолдоп, алдын ала кабарлама да берген.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист: Милициядан чыксам, УКМКга алып кетишти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>