Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист: Милициядан чыксам, УКМКга алып кетишти

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист: Милициядан чыксам, УКМКга алып кетишти

Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө каршы акция өткөрүүнү пландап жаткан активист, «Инстаграмдагы» BespredelKG баракчасынын администратору Автандил Жоробековду УКМКнын кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Белгилүү болгондой, өлкөдө тууну өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште карала баштап, тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Ага байланыштуу активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Горький сейил багында тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митинг өткөрөрүн билдирген. Бул боюнча мэрияга кат жолдоп, алдын ала кабарлама да берген.

 

Ага улай 3-декабрда өлкөнүн туусу менен «Кыргызстандын туусуна тийбегили» деген автожүрүш өткөрүүнү пландап жаткан.

Бирок бүгүн, 2-декбарда Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясы саат 17:00го эртеңки автожүрүш боюнча сүйлөшүүгө чакырганын билдирген.

«Калктын 99%ы тууну өзгөртүүгө каршы. Аягына чейин турам. Ош, Жалал-Абад, Каракол жана башка шаарлардан жазып, тууну өзгөртүүгө каршы митингге чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. (Милицияга) сүйлөшүүгө саат 5те барам», — деп жазган ал.

Жоробеков милициядан чыккандан кийин эле аны УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен.

«Октябрь райондук милициясынан чыксам, мени Бишкектин УКМКсы алып кетти. Кызыгы эми башталды», — деп жазды ал «Фейсбукта».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>