Активист Тилекмат Куренов СИЗОго бир айга камакка алынды

Активист Тилекмат Куренов СИЗОго бир айга камакка алынды

Кармалган активист Тилекмат Куренов Бишкектеги СИЗОго 1 айга камалды. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кабыл алды.

Ал сот залынан чыгып бара жатып: «Бүгүн саат 16: 00дөн баштап мен толугу менен ачкачылык жарыялайм» деди.

Белгилей кетсек, активист Тилекмат Куренов 15-мартта кармалган. Ошол эле күнү түн киргенге чейин анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери активисттин «Фейсбуктагы» билдирүүлөрүнөн өкмөттү алуу тууралуу чакырыктарын тапкан.

Тилекмат Күрөнов Ак үйдүн жанында Конституциянын жаңы редакциясына каршы тынчтык митингинин уюштуруучуларынын жана модераторунун бири болгон. Ошондой эле кечээ митингдин дагы бир уюштуруучусу, саясатчы Жеңиш Молдокматовдун үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>