Акүйгө эркин формада кирүү кайрадан көтөрүлүүдө

Акүйгө эркин формада кирүү кайрадан көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ак үйгө келген эл үчүн атайын дресс-кодду жоюу маселесин кайрадан көтөрүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында,  «депутат менен жолугушууга жөн эле келген жарандардын кийимдерине эч кандай талап коюлбашы үчүн» тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдап жатат.

Дастан Бекешев мындай талаптарды басмырлоо деп атады.

«Парламентке костюм кийбегендер, куртка менен келгендер киргизилбейт. Андай болбошу керек. Бизде бул жаман практика кайра иштей баштады. Мамлекеттик күзөт кызматкерлери ансыз деле ким кире алат, ким кире албасын аныктаган адамдардай», — деди ал.

Парламентарий акүй коноктору үчүн дресс-кодду колдонуунун ашыкча практикасынан баш тартууну биринчи жолу сунуштап жаткан жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>