Кыргыз-казак чекарасында убактылуу чектөө киргизилди

Кыргыз-казак чекарасында убактылуу чектөө киргизилди

Чүй облусунун кыргыз-казак чек ара аймагында жайгашкан “Кең-Булун-авто жол” жана “Токмок-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 17-январынан баштап жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады.  Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-январь, саат 10.00 карата кыргыз-казак чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу.

— Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол”, “Ак-Жол авто жол”, “Токмок-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;

— Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандын “Кең-Булун-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына чыга алышат.

Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>