Акыйкатчы АКШнын элчиси менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Акыйкатчы АКШнын элчиси менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Акыйкатчы Жамиля Джаманбаева жана Кыргызстандагы АКШнын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстандагы адам укуктарын сактоо боюнча жагдайды талкуулашты.

Жамиля Джаманбаева Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин, ошондой эле Эл аралык өнүгүү боюнча АКШнын агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы адам укуктары, демократия, укуктун жана жарандык коомдун үстөмдүгү боюнча фундаменталдык баалуулуктарды илгерилетүүгө кошкон салымын белгилеп өттү.

“USAID менен кызматташуунун алкагында адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын илгерилетүүгө зарыл болгон бир катар өтө маанилүү долбоорлор, анын ичинде «Жигердүү жарандар», «Укук булагы» долбоорлору ишке ашырылды”, — деди акыйкатчы.

АКШнын элчиси Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигинин эркиндикти сактоонун маанилүү экендигин белгилеп өттү.

“Жарандардын укуктарын коргоп калууда жарандык коомдун ролу өтө зарыл. Буга байланыштуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишмердигинин эркиндигин камсыздоо маанилүү”, — деп айтты элчи.

Тараптар Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоого милдеттүү түрдө оң таасирин тийгизе турган заманбап долбоорлорду активдештирүүнү да белгилешти.

Ошондой эле эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктеринин жагдайын жакшыртууга багытталган комплексттүү чараларды кабыл алуунун зарылдыгын дагы макулдашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>