Акыйкатчы Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындарын кабыл алды

Акыйкатчы Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындарын кабыл алды

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин туугандарын кабыл алды. Бул тууралуу Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Акыйкатчы менен жолугушууга Сагынбаевдин  атасы, жубайы жана бир тууган иниси катышты.

Жолугушуу учурунда Сагымбаевдин жубайы жаш жете элек 4 баланын энеси экенин, ден-соолугунун начардыгына байланыштуу иштей албасын, ошондой эле тийиштүү ишеним каттын жоктугунан улам күйөөсүнүн айлык маянасын ала албай жатканын Акыйкатчыга маалымдады.

Акыйкатчы институту Канат Сагымбаевдин жубайынын кайрылуусун карап, тийиштүү иш-аракеттер көрүлөрүн убада кылды.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагынбаев 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясынеан кийин камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>